SerepTV Logo

Айланма жолдо катталган жол кырсыктан 15 адам жаракат алды

Айланма жолдо катталган жол кырсыктан 15 адам жаракат алды
Буга чейин социалдык тармактарда айланма жолдо катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Жол кырсык боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 5-май күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 19-чакырымында айдоочу жүк ташуучу Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып, 1990-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер жүргүнчүлөр транспорту менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 15 адам, анын ичинде 3 бала жабыркаган. Бардык жабыркагандар аймактык ооруканаларга жаткырылган. Бул факты Бишкек ШИИБге катталып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Унаалар айып токтотуучу жайга киргизилген.
edita