SerepTV Logo

Айдоочулук күбөлүгү жок бүтүрүүчүлөр эс алуучу жайларга бараткан жеринен кармалышты

Айдоочулук күбөлүгү жок бүтүрүүчүлөр эс алуучу жайларга бараткан жеринен кармалышты
7-июль күнү 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто мектепти бүткөндүгү боюнча аттестат алуу аземиненен кийин эс алуу үчүн бараткан бир нече бүтүрүүчүлөр кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан кабарлашты. "Бүтүрүүчүлөр аттестат алуу аземинен кийин, тоого же эс алуучу жайларга айдоочулук күбөлүктөрү жок бара жаткан жерлеринен кармалышты. Аларга тийиштүү протоколдор толтуруу менен автоунаалары убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду", - деп жазылат маалыматта.