SerepTV Logo

Айдоочу самокат тээп бараткан баланы сүзүп кетти

Айдоочу самокат тээп бараткан баланы сүзүп кетти
Бишкектин борбордук көчөлөрүндө айдоочу самокат тээп бараткан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бул тууралуу патрулдук кызматтан билдиришти. "27-май күнү саат 18:50 чамасында Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Абдумомунов көчөсү менен Эркиндик көчөсүнүн кесилишинде электр самокатын тээп жөө өтмөктөн өтүп бараткан 2009-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Натыйжада жабырлануучу №3 Балдар ооруканасына жеткирилген. Автоунаа убактылуу токтотулуучу айып короо жайына токтотулган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.