"Айдоочу чарчаңкы абалда жолго чыккан". Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы
Бүгүн, 10-майда Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 4 киши көз жумду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсыктын чоо-жайын билдиришти.
Кечээ, 9-июнь күнү Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 1989-жылы туулган тургуну Фольксваген-Пассат унаасы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Мундуз айылына келип, кайра түнү менен чарчаңкы абалда жолго чыккан. Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолу менен күн чыгыштан батышты көздөй бара жатып, Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылына жеткенде, 10-июнь күнү таңга жуук саат 05:40 чамаларында айдоочу рулда уктап кетип, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, каршысында келе жаткан, Каракол шаарынын 1994-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы жүк ташуучу Volvo FH 12 унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Фольксваген-Пассат унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөр - Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын 1964-жылы туулган тургуну, Бакай-Ата районунун Биринчи Май айылынын 1974-жылы туулган жана 1977-жылы туулган тургундар кырсык болгон жерде алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Аталган жол кырсыгы Ысык-Көл РИИБде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="116479,116480"]