SerepTV Logo

"Ай сайын 15 миң сом бересиң". Опузалап акча талап кылууга эки шектүү кармалды

"Ай сайын 15 миң сом бересиң". Опузалап акча талап кылууга эки шектүү кармалды
Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул иш-чара УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлдү. 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Кара-Суу районунун тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом төлөп турууну талап кылышканы аныкталды. Натыйжада 29-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалды. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="187818,187819,187820,187821"]