SerepTV Logo

Адвокат: "Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолуккан"

Адвокат: "Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолуккан"
Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дайынсыз жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолуккан. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда жактоочу Таалайгүл Токтакунова журналисттерге билдирди.

«Белгилүү болгондой, сүйлөшүү бир сааттан ашык убакытка созулган. Эмнени талкуулашкан, биз билбейбиз. Орхан Инанды менен Мелис Турганбаев 31-майда саат 20:30 чамасында кофейняда жолугушкан. Ошондой эле милиция Турганбаев менен байланышканбы билбейм, анткени бул тергөөнүн сыры», - деди жактоочу.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.
edita