Адам өлтүрүүгө аракет кылуу. Ысык-Атада бир туугандар камактан бошотулду
Ысык-Ата районунда коңшусун өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылган бир тууган Шияндар камактан бошотулду. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Акыйкатчынын өкүлдөрү ишти экинчи инстанциядан (Чүй облустук соту) көзөмөлгө алышкан. Кылмыш ишин калыс, объективдүү кароону, ошондой эле адвокаттардын коргонуу укугун мыйзамда каралган бардык ыкмалар менен жүзөгө ашырууга, анын ичинде аффект абалына экспертиза жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен сотко каттар жөнөтүлгөн. Бул тууралуу айыпталуучунун жактоочусу дагы сураган, бирок тергөөчү баш тартып жүргөн. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча айыпталуучунун аффект абалында экендиги тастыкталган. Бул кылмыштын квалификациясына таасирин тийгизген.
Алар 12 жаштагы Даниил Браилкинди уурдаган деп айыпталган. Ысык-Ата райондук сотунун чечими менен алар адам өлтүрүүгө аракет жасаганы үчүн 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылган.