Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип жаткан активист Максат Касенов камакта калтырылды
Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип жаткан активист Максат Касенов камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
"Соттун 2-октябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Касеновго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 30-октябрга чейин тандалды жана ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №50 тергөө изоляторуна камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.
1-октябрда социалдык тармактарда активист Максат Касеновдун достору аны белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу айтып чыгышкан. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берип, анын адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип жатканын билдирген.