Адахан Мадумаровдун иши сотто каралат
Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда каралат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, соттук отурум саат 14:30да каралат.
Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалып, камакка алынган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда.