SerepTV Logo

Адахан Мадумаров ооруканадан тергөө абагына киргизилди

Адахан Мадумаров ооруканадан тергөө абагына киргизилди
Бүгүн, 2-ноябрда депутат Адахан Мадумаров Республикалык кардиология борборунан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти. 26-октябрда Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин түрдө начарлап кеткендигине байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан Республикалык кардиология борборуна которулган болчу.