SerepTV Logo

Абхазия, Армения жана Орусиянын номуру менен жүргөн 300дөн ашык унаа айып короого киргизилди

Абхазия, Армения жана Орусиянын номуру менен жүргөн 300дөн ашык унаа айып короого киргизилди
Чет өлкөлүк номурлуу унааларды текшерүү уланууда. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Башкармалыктын издөө бөлүмү Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен өлкө аймагында Абхазия, Орусия жана Армения өлкөлөрүнүн номуру менен жүргөн унааларды текшерүүнү улантып, аныкталган мыйзам бузуу фактылары үчүн айып короо жайына токтотушууда. Биргелешкен рейддик иш-чаранын алкагында өлкө аймагында өлкөбүзгө мыйзамсыз киргизилген 300дөн ашуун унаа айып короо жайына токтотулду.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от ГУОБДД МВД КР (@guobdd_kg)

edita