SerepTV Logo

Абдил Сегизбаевдин иши боюнча камалган Жылдыз Чодобаева үй камагына чыгарылды

Абдил Сегизбаевдин иши боюнча камалган Жылдыз Чодобаева үй камагына чыгарылды
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин иши боюнча камакка алынган Жылдыз Чодобаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти. Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Чодобаева быйыл 8-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Аны жер сатуу ишинде документти туура эмес толтурган деп айыптап жатышат. 4 балалуу аялдын камакка алынышы коомчулукта катуу нааразычылык жараткан. Анын үй камагына бошотулушун айрым депутаттар, Акыйкатчы институту, Чодобаеванын айылдаштары, Абдил Сегизбаев өзү да талап кылган эле.
Unknown Author