Абдил Сегизбаев 25-июлга чейин камакта калтырылды (видео)
Бүгүн, 20-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 25-июлга чейин камакта калтырылды.
[video width="640" height="352" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/whatsapp-video-2021-05-20-at-13.51.33.mp4"][/video]
[video width="640" height="352" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/whatsapp-video-2021-05-20-at-13.51.33-1.mp4"][/video]
Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу. Ал эми 5-апрелде Бишкек шаардык соту Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 25-майга чейин камакта калтырган эле.