"Абалы оор". Жети-Өгүздө көлгө чөгүп жаткан 22 жаштагы 2 кыз ооруканага жеткирилди
Жети-Өгүздө көлгө чөгүп жаткан 22 жаштагы 2 кыз суудан чыгарылып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Липенка айылынын Кой-Сары тилкесинде болгон. Көлгө 2000-жылы туулган 2 кыз чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 7 куткаруучу тартылып, кыздарды суудан чыгарып, Каракол шаардык ооруканасына жеткиришкен. Абалдары оор.