SerepTV Logo

"Абалдары орто". Нарындагы жол кырсыктан 47 жаштагы аял менен 14 жаштагы кыз жабыркады (сүрөт)

"Абалдары орто". Нарындагы жол кырсыктан 47 жаштагы аял менен 14 жаштагы кыз жабыркады (сүрөт)

Нарындагы жол кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-август күнү саат 03:10 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында (Семиз Бел айылы) Audi 80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган аял киши менен 2007-жылы туулган кыз жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары орто.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="68637,68638"]