Абактан өсүмдүк майы менен 1 кап картошка уурдоого шектүү кызматкер кармалды
15-августта саат 17:20 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан № 27 мекемесинин башчысынын финансы-чарба иштери боюнча орун басары уурулук фактысы боюнча шектүү деп кармалды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.
Шектүү Жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинин кампасынан Спринтер үлгүсүндөгү унаага 300 литр өсүмдүк майын жана өзүнүн КИА үлгүсүндөгү унаасына 40 литр өсүмдүк майын, 1 кап картошка жүктөп, алып кетип бараткан жеринен кармалган.
Аталган факты боюнча чогултулган материалдар Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасына өткөрүп берилген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="292007,292008,292009,292010"]