Абакта жаткан адам мурдагы өнөктөшүн өлтүрүүгө киши жалдаган
Топтолгон материалдардын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин «киши өлтүрүүгө даярдануу» боюнча кылмыш иши козголгон. Буйрутма берген адам киши өлтүрүү фактысы кокустуктай болушу керек деген шарт коюп, фото жана видео жөнөтүүнү талап кылган. Ошондой эле, "жумуш кылгандан" кийин 30 миң доллар акчаны бирөөлөр алып келип берерин айткан. Ыкчам кызматкерлер адам өлтүрүүнү жасалма кылып уюштуруп, кылмыштуу буйрутманын аткарылышын тастыктаган фото жана видео даярдашып, буйрутма аткарылганын ырастоо үчүн жөнөтүлгөн. Буйрумта аткарылганына ишенген «кардар» акчаны төлөп берген.
15-декабрда «адам өлтүрүү» үчүн акчалай сыйлык алып келген 32 жаштагы жаранды кармашты. Ал жаран кылмышка буйрук берген адамдын жакын тууганы болуп чыгып, камакка алынды. Азыркы учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.