SerepTV Logo

"90 метр тереңдикте". Баткенде көмүр шахтасында газга ууланган жаран каза болду

"90 метр тереңдикте". Баткенде көмүр шахтасында газга ууланган жаран каза болду
Баткенде көмүр шахтасында газга ууланган жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 19-майда Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр казуу шахтанын чуңкурунда (забой) газ чыгып, анда жумушчулар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Шахтанын 90 метр тереңдигинде 34 жаштагы Ноокат районунун тургунунун жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүп берилди.