SerepTV Logo

"9 баш уй, 26 кой". Таласта 3 жаран мал уурдоого шектелип кармалды

"9 баш уй, 26 кой". Таласта 3 жаран мал уурдоого шектелип кармалды

Талас районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

31-июль күнү Талды-Булак жана башка айылдардан 6 жаран арыз жазышкан. Алар июнь жана июль айларынын ичинде жалпысынан 9 баш уй жана 26 баш коюн белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча кайрылган. Ал фактылар катталып, 205-берене менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча Талас районунун жана Айтматов районунун 26 жаштагы 3 жараны кармалды.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="195175,195176,195177"]