SerepTV Logo

"8 миң доллар талап кылышкан". ИИМдин үч кызматкери кармалды

"8 миң доллар талап кылышкан". ИИМдин үч кызматкери кармалды
Кылмыш ишти токтотуп берүү үчүн пара талап кылган ИИМдин 3 кызматкери кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран кайрылып, арыздануучунун тууганына карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 5 миң доллар талап кылып жаткан ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) кызматкерлерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 326-беренесине ылайык (опузалап пара талап кылуу) кылмыш иши козголгон. ИИМдин Ички иликтөө кызматы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, төмөнкүлөрдү аныктаган. ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны, ИИМдин Ыкчам мобилдик бөлүмдөрдүн башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын подполковниги жана дагы бир жаран арыздануучудан кылмыш ишин токтотуп, тергөө абагындагы арыздануучунун тууганын бошотуп берүү үчүн пара катары 8 миң доллар талап кылышкан. 19-апрель күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзө башташкан. 3 миң 800 доллар жана 340 миң сом акча каражатын алуу учурунда ИИМдин Ыкчам мобилдик бөлүмдөрдүн башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын подполковниги жана жарандардын бири кармалган. Ош облусунун аймагында мындан аркы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) ыкчам ыйгарымдуу өкүлү милициянын капитаны кармалды. Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
edita