SerepTV Logo

"8 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган". Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

"8 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган". Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды
Сокулукта алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиршти. Маалыматка караганда, 16-майда Сокулук РИИБге 1965-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында аны алдап кеткен жаранга чара көрүүнү сураган. Шектүү жабырлануучудан жерин сатам деп 8 миң доллар алган. Ал 689 миң сом зыян келтирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1973-жылы туулган жаран кармалды. Шектүүнүн дагы ушул сыяктуу 8 кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталган. Ал соттун чечими менен СИЗО-1ге камакка алынган.