SerepTV Logo

7 КамАЗдын аккумуляторун уурдоого шектүүлөр кармалды

7 КамАЗдын аккумуляторун уурдоого шектүүлөр кармалды
Бүгүн, 27-майга караган түнү ЖККББнын кызматкерлери "Бишкек-Кордай" автожолунда бараткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ал катарда бир топ КамАЗдар тизилип турган. Унааны тинтүүгө алганда КамАЗдардан чечилип алынган 7 аккумулятор чыккан. Уурулукка шектелип 1995-жылы туулган айдоочу жана 1994-жылы туулган жаран кармалды. Шектүүлөр Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="113255,113256,113257"] .