Ысык-Атада 7 жашар баланы эркек киши тээп салган. Кылмышка шектүү кармалды
Өспүрүмдүн денесине залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-апрель күнү Ысык-Ата РИИБине 1992-жылы туулган Люксембург айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 18:30 чамасында 2014-жылы туулган баласын аталган айылдагы дүкөндөрдүн биринин алдында белгисиз бирөө денесине залал келтиргенин айтып ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталган.
Чүй ОИИБ жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектелип 1994-жылы туулган жаран кармалды. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган бала убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
[video width="1280" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/t_video5474351653190634124.mp4"][/video]