SerepTV Logo

7 жаран «Йакын инкар» уюмунан баш тартты (видео)

7 жаран «Йакын инкар» уюмунан баш тартты (видео)
Диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүүнүн алкагында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаарындагы «Йакын инкар» ДЭУнун активдүү 7 мүчөсүнө түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларын жүргүздү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жарандар "Йакын Инкар" ДЭУнун идеологиясынын зыяндуулугун жана жаңылыштыгын толук моюнга алышты, ошондой эле өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчө болуудан баш тартышты.