6-кичирайондо 2 маршруттук такси кагышып, бирөө оодарылып кетти (видео)
Бишкектин 6-кичирайондун эски жол тарабында бүгүн, 22-апрелде эртең менен жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти. Маалыматка караганда, эки кичи автобус кагышкан. Соккудан улам, алардын бири оодарылып кеткен. Жол кырсыгына кабылгандардын бири №204 маршруттук такси.
Кырсыктын тасмасы «Репортер» Телеграм-каналына жарыяланды.
[video width="180" height="240" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/dtp.mp4"][/video]