"56 айдоочу мас абалында болгон". Бишкекте бир жумада 4078 жолу жол эрежелери бузулган
Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 21-октябрдан 28-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 4078 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаруу - 56 айдоочу;
- Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 14;
- Айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу - 35;
- Жасалма номур менен унаа башкаруу - 3;
- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 70;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 3914;