"Төртөөнүн мүйүзү кесилген". Баткенде 5 бугуну Өзбекстанга алып бара жаткандар кармалды (сүрөт)
Кыргызстандын чек арачылары сейрек кездешүүчү жаныбарларды – бугуларды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 22-апрелде Кадамжай районунун Жаңы-Жер тилкесинде кызматкерлер чек ара тилкесине жакын жайгашкан жерде 1972-жылы Т.Н.га таандык Тойота Превиа унаасын токтотушкан.
Унааны кароо учурунда кызматкерлер 5 бугуну табышкан. Алардын жашы 1 жаштан 4 жашка чейин. Төртөөнүн мүйүзү кесилген абалда болгон.
“Окуяны териштирүү учүн унаанын айдоочусу жана анын жанындагы Өзбекстандын жаранын кармашкан. Сурак учурунда жаныбарларды Өзбекстанга алып баратышканы маалым болгон. Айдоочуда бугуларга тийиштүү документ болгон эмес”,- дешти алар.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жаныбарлар кошумча иликтөө иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="39951,39952,39953,39954"]