"41 жаштагы жаран унаада кыпчылып калган". Караколдо жол кырсыгы катталды (сүрөт)
Караколдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Каракол шаарындагы Карасаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz Sprinter менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаада кыпчылып калган 1980-жылы туулган жаранды шаймандардын жардамы менен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="67120,67121,67122,67123"]