SerepTV Logo

40 килограмм сымапты 8 миң долларга сатмак болгон жаран кармалды

40 килограмм сымапты 8 миң долларга сатмак болгон жаран кармалды
УКМК тарабынан уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 1967-жылы туулган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке адамдар сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкек шаарына сатуу максатында ташып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Чүй облусунун Жайыл районундагы Төө-Ашуу ашуусунда жарандын унаасын тинтүү учурунда 40 килограмм сымап табылып, кармалган. Ал аны Бишкек шаарына 8 миң долларга сатууну пландаган. Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="250408,250409"]