SerepTV Logo

"50 килограммдан ашуун баңгизат, 250 миңдей доллар..." Баңгизат сатуу менен алектенген делип Кадамжай районунун депутаты кармалды

"50 килограммдан ашуун баңгизат, 250 миңдей доллар..." Баңгизат сатуу менен алектенген делип Кадамжай районунун депутаты кармалды
Баңгизаттар менен алектенген эл аралык топтун ишине бөгөт коюлуп, 50 килограммдан ашык баңгизат жана 250 миң доллар акча каражаттар табылып алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, УКМК баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча пландалган иш-чаранын жүрүшүндө Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган туруктуу уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгү аныктап, ага бөгөт койгон. Аталган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун уюштуруучусу Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты болгон. Ал баңгизаттарды сатуу үчүн Тажикстандан Өзбекстандын аймагына Кыргызстан аркылуу өткөрүү үчүн туруктуу канал түзүп алгандыгы аныкталды. 7-июнда Кадамжай шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Өзбекстандын аймагына өткөрүү максатында баңгизаттардын башка партиясын сатууга аракет кылып жаткан жеринен аталган депутат кармалган. Кармалган жаран жашаган жерге жүргүзүлгөн тинтүү ишинде 9 килограммдан ашык чийки апийим, 4 килограмм гашиш, 37,5 килограмм марихуана, 1 курал (уруксаты жок), 232 миң доллар, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылып алынды. Бул факты боюнча 3 жаран кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда Тажик жарандарынын ичинен аталган баңги каналынын уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="53177,53178,53179,53180,53181,53182"]
edita