Ысык-Көлдө 4 айда 115 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам көз жумган
Ысык-Көл облусундагы тилсиз жоодон 92 миллион сомдон ашык материалдык баалуулуктар сакталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, ушул жылдын 4 айында Ысык-Көл облусунун аймагында 115 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 12 миллион 59 миң 93 сомду түзгөн.
Өрттүн кесепетинен 2 адам каза болуп, 6 адам жаракат алган. Эң көп өрт турак жай секторунда катталган – 54 өрт чыккан.
“Өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын күчү менен өрттү өчүрүүдө 92 миллион сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталган. Өрттүн негизги себептери - электр жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу, отко этият мамиле кылбоо, тамеки чегүүдө этиятсыздык жана башкалар болуп саналат”, - деди подполковник Ринат Абдулманов.
Облустагы өрттүн жайылышы:
- Каракол шаарында - 26 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 6 адам жаракат алган;
- Балыкчы - 15;
- Ак-Суу району - 14;
- Жети-Өгүз району - 13;
- Ысык-Көл району- 18;
- Тоң району - 17;
- Түп району - 12.