SerepTV Logo

Ысык-Көлдө жарандын үйүндө тинтүү жүрдү. Эмнелер табылды?

Ысык-Көлдө жарандын үйүндө тинтүү жүрдү. Эмнелер табылды?
Тоң районунда мыйзамсыз балык уулоо боюнча ири фактылар аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Тоң РИИБдин кызматкерлери Ак-Сай участогунда жашаган 1969-жылы туулган жарандын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. "Тинтүү учурунда 3 чабак, 28 форель, 13 судак, 4 сига, 7 карась балыгы, жалпы узундугу 2450 метрди түзгөн 35 синтетикалык балык кармоо тору жана кайыктын 2 калагы, мыйзамсыз балык уулоо каражаттары табылган", - деп жазылат маалыматта. Табылган каражаттар далил зат катары алынып, Тоң РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.