SerepTV Logo

"3 жүргүнчү ооруканада". Чүйдө 2 унаа сүзүшүп, айдоочу көз жумду

"3 жүргүнчү ооруканада". Чүйдө 2 унаа сүзүшүп, айдоочу көз жумду
Кечээ, 9-август күнү саат 12:30 чамасында Тойота-Карина унаасы Кара-Балта - Степное жолунда Мерседес-Бенц унаасы менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Кырсыктын кесепетинен Тойота-Карина унаасынын айдоочусу жол кырсыгы болгон жерден көз жумуп, 3 жаракат алган жургүнчү Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди.