3-июнга чейин Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт
30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. "Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.