3 баш арашан кочкор уурдалган. Ысык-Көлдө төрт шектүү кармалды
Кашардан эки баш арашан тукумундагы кочкорун жана бир баш козусун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин айтып, 2024-жылдын 29-декабрында Ысык-Көл РИИБге Өрнөк айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Арыздануучунун айтымында, келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 300 000 сом болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, уурулукка шектелген төрт адам кармалган. Алар Чүй облусунун Кемин районунан 1990-жылы туулган Т.Р., мурда сот жообуна тартылган 1987-жылы туулган У.Э., Бишкек шаарынан 1987-жылы туулган С.У. жана 1992-жылы туулган П.А. болуп чыккан. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө уланууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="272355,272356,272357,272358"]