27 миң долларлык унаасын алган. Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү кармалды
Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 16-январында милиция кызматкерлерине И.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 2020-жылдын июль айында Ж. аттуу жаран анын баасы 27 миң доллар турган "Лексус-570" үлгүсүндөгү унаасын акчасын сентябрга чейин төлөп берем деп алып, убадасын аткарбай качып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 204-берене "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө 39 жаштагы Ж.О. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүнүн башка кылмыш фактыларына тиешеси бары-жогу аныкталып жатат.