SerepTV Logo

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу кармалды

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу кармалды
Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмү боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 7-июлда саат 08:55 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Бишкектеги ооруканалардын биринде 1998-жылы туулган келин каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары анын 1998-жылы туулган жолдошу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда. Келин былтыр классташ баласына турмушка чыгып, жыл өтпөй Бишкектеги Тез жардам ооруканасына өтө оор абалда түшкөн. Дарыгердин баштапкы корутундусу боюнча бейтап дарыдан ууланган. Жолдошу болсо келинчеги өмүрүнө өзү кол салганын билдирип келген. Бирок көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, кызынын өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат.