Июнь окуясында күч органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө шектүү кармалды
2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген жана издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан 17-августта издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган тургуну чет мамлекеттин аймагында кармалган. Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-тергөө камак жайына киргизилет. УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.