20 тонна балыкты мыйзамсыз ташып келаткандар аныкталды
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн уруксат берүүчү документтерсиз тоңдурулган балыкты, ири жана майда мүйүздүү бодо малды ташып кирүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, өлкө аймагына 367 баш бодо малды, 162 майда мүйүздүү малды жана 20 тонна тоңдурулган балыкты мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.
Импорттоочуларда коштоочу документтер жана товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес. Бузуулардын материалдары мыйзам чегинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко берилди.