SerepTV Logo

20 килограмм гашиш жана 10 килограмм апийим чийкиси бар жүктүн ээси кармалды

20 килограмм гашиш жана 10 килограмм апийим чийкиси бар жүктүн ээси кармалды
УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.
11-октябрда Баткен-Ош унаа жолунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусиянын жараны Б.С.С. жана Кыргыз жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан жалпы салмагы 20 килограмм гашиш жана 10 килограмм апийим чийкиси табылып алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="208681,208682,208683"]