"2 үй-бүлө боз үйдө калып калган". Орто-Сай жайлоосунда сел жүрдү
Жумгал районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 7-август күнү Нарын облусунун Жумгал районунда түнкү саат 00:00 чамасында кыска мөөнөттү жааган жамгырдын кесепетинен Байзак айылынын Орто-Сай жайлоосунда сел жүрүп, 2 үй-бүлө боз үйдө калып калган. Жерине Жумгал райондук №43 өрт куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар унааларын жолго чыгарып беришкен.