SerepTV Logo

"18,5 миң долларлык Lexus унаасын алып, из жашырып..." Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

"18,5 миң долларлык Lexus унаасын алып, из жашырып..." Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ушул жылдын 27-июлунда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында аял кишиге чара көрүп берүүнү суранган. Анын айтымында, май айында Бишкектеги Сухэ-Батор көчөсүндө ишенимге кирип, алдоо жолу менен 18,5 миң долларлык Lexus ES250 унаасын ээлеп алган, акчасын кийинки күнү берүүнү убадалаган. Убадасын аткарбай, из жашырган. Факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 1981-жылы туулган аял киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.