"18 жаштагы жигиттер". Сузакта айдоочу жылкыны сүзүп, 4 адам жабыркады
Сузак районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Кара-Чолок айылында Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жылкыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 4 жигит жабыркады.
Алар:
- 2003-жылы туулган А.Р.;
- 2003-жылы туулган М.А.;
- 2003-жылы туулган Д.Б.;
- 2003-жылы туулган Б. уулу Н.