SerepTV Logo

18 жаштагы жигит Ысык-Көлгө чөгүп кеткен (видео)

18 жаштагы жигит Ысык-Көлгө чөгүп кеткен (видео)

"Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатында 18 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Окуянын видеосу Instagram баракчаларга жарыяланды.

Black_list.kg жазган маалымат боюнча, пляжда куткаруучулар болгон эмес. Чөгүп жаткандарга эс алуучулар жардам беришкен. 

«Эс алуучулар жардам берип, эки баланы алып чыгышты, үчүнчүсү сууга чөгүп кетти. Куткаруучулар жардамга чакыра баштагандан кийин чуркап келишкен. Бир нече жигиттер ыктыярдуу түрдө тереңдикке секиришти, бирок суу астынан жигитти таппай коюшкан. Алар жигитти 10 мүнөткө жакын издешкен, бирок аны алып чыккандан кийин кеч болуп калган», - деп жазылат маалыматта. 

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Черный список KG ?? ❌ (@black_list.kg)