"173 миллион сомдук зыян". Бишкекте жер тилкесин берүүдөгү махинациялык фактылар аныкталды
Башкы прокуратура тарабынан жер тилкесин берүүдө махинациялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек шаардык мэриясынын 1999-жылдагы токтому менен Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95 гектар жер тилкеси жаранга ден-соолукту чыңдоо борборун куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзамсыз берилип, 2002-жылы мэриянын токтому менен жер тилкенин мөөнөтсүз пайдалануу бөлүгү 49 жылга ижара шартына өзгөртүлүп, андан кийин 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде жердин багыты көп кабаттуу үй курууга которулуп “А” жоопкерчилиги чектелген коомуна 83 миллион 520 миң 200 сомго сатылган.
Ал эми, 2013-жылы аталган коом Бишкек райондор аралык сотунун негизсиз чечими менен көрсөтүлгөн жерди муниципалдык менчиктен жеке менчикке чыгартып, ага көп кабаттуу үйлөрдү куруп, андагы батирлерди жарандарга кымбат баада сатып, мыйзамсыз түрдө эбегейсиз пайда тапкандыгы такталды.
Жогорудагыдай татаалдаштырылган коррупциялык схема аркылуу муниципалдык кызматкерлердин, сот органдарынын жана жеке адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен улам Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык жер тилкеси жеке колго өтүп, мамлекетке 173 миллион сомдук өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул факт боюнча чогултулган материалдар Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-(коррупция) жана 329-(кызматтык жасалмачылык) беренелери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.