1,5 миллион сомго “акыл эси жайында эмес” деген кортунду жазып берген психиатрлар кармалды
УКМК өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк берген 6 дарыгерди кармады.
“Дарыгерлер шектүүлөрдүн жакындарынан 1,5 миллион сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында соттолуучуга карата эки жолу "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып беришкен. 10-декабрда аталган кылмыш ишинин алкагында Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 6 эксперт-дарыгери УКМКнын тергөө абагына киргизилди”, - деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="297615,297617,297618,297619,297620,297621"]