"1,5 миллион доллар өткөрүлгөн". Өзбекстандык тургундун үйүнөн Кыргызстанга өтчү туннель табылды
Өзбекстандын 32 жаштагы тургунунун үйүнөн Кыргызстан менен байланыштырып турган туннель табылган.
Маалыматка ылайык, кылмышка 8 киши аралашкан, алардын алтоо - кыргызстандыктар. Туннель аркылуу 1,5 миллион доллар өткөрүлгөнү аныкталган. Аткезчилик менен иш алып барган кылмышка тийиштүүлөрдүн баары 6 жылдан 8 жылга чейин соттолушкан.
Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыргызстандык жарандын үйүнөн Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылган.