"1,4 миң долларын алып, качып кеткен". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылы 5-ноябрда шаар тургуну милицияга кайрылып, анын ишенимине кирип, 1,4 миң долларын алып, алдап кеткен жаранга карата чара көрүп берүүнү суранган. Шектүү жабырлануучуга акчага алмаларды жашиктеп сатып алуу жана Орусияга экспорттоо менен алек болушарын айткан. Факты Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган. Аталган кылмышка шектелип, 34 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Укук коргоо органдары кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктап жатышат.