Чүйдөгү 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Милиция жабырлануучудан көрсөтмө ала элек
Адвокат Шердор Абдыкапаров айтып чыккан Чүй облусундагы 13 жаштагы кызды жездеси тарабынан зордуктоо фактысы жөнүндө билдирүүсү Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (он алты жашка чейинки адам менен жыныстык аракеттер) менен катталган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери шектүүнү кармап, суракка алуу үчүн Кемин РИИБге алып барышкан. Ошондой эле тергөө үчүн жабырлануучунуну да суракка алуу керек. Бирок зордуктоо фактысы боюнча арыз жазган адвокат Шердор Абдыкапаров тергөөчү чакырганда баруудан качып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп жана ишти Чүй облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын билдиришти. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жашы жете элек кыз суракка алына элек. Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө чечим чыгарган. Тергөө кызматы жабырлануучу менен күбөлөрдүн келишин камсыз кылуу тапшырмасын берген.
Кечээ, 6-июлда адвокат Шердор Абдыкапаров 62 жаштагы киши 13 жаштагы кызды зордуктап жүргөнүн айтып чыккан.