13 жашар кыздын колдон колго өтүп зордукталышы. Жарандык активисттер ИИМдин астына митингге чыгышты (видео)
Бүгүн, 5-июль күнү 13 жашар кыздын колдон колго өтүп зордукталган окуясы боюнча жарандык активисттер Ички иштер министрлигинин алдына митингге чыгышты.
"13 жашар кызды атасы менен тең адамдар, арасында жашы жете элек балдар менен иштеген милиция кызматкери да бар колдон колго өткөрүп зордуктоосу бул Кыргызстан үчүн өтө жаман көрүнүш. Милициядан коргоону күтсөк, алар кайра кордоп жатышат. Ички иштер министри өзүнө жакшы кадр ала албайбы, зордук-зомбулуктарды иретке келтире албайбы, анда жумуштан кетиши керек", - дейт жарандык активист Гүлшайыр Абдирасулова.